ЫКЧАМ АРАКЕТТЕНҮҮ ТАПШЫРМАЛАРЫ БЕРИЛДИ

19-12-2025

Райондук мамлекеттик администрациясында КР. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" №282 токтомун аткаруу боюнча штабдык отурум болду.

 

Отурумда жол транспорт байланышын үзгүлтүккө учуратпоо, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, ички көчөлөрдүн, негизги автоунаа жолдорун кардан үзгүлтүксүз тазалоо, билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн мектептерди жылытууну камсыз кылуу, кар көчкү жаралган учурда ыкчам аракеттенүү боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди.