Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
“УЛУТТУК ДЕМ— ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” УҢГУЖОЛУ - УЛУТ УҢГУСУ
27-11-2025
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу Жарлыгына байланыштуу түшүндүрүү иштери өлкө аймагында кеңири жүрүп жатат. Ушул алкактан Чаткал районуна бир катар өлкөгө белгилүү илимий жана коомдук ишмерлер иш сапары менен келип, жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чара Ч.Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө уюштурулуп, ага төмөнкү коноктор катышты:
-
Алмамбет Матубраимович Матубраимов — Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы;
-
Кадыр Амиракулович Кошалиев — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун башкы эксперти;
-
Кубанычбек Бекболотович Калчакеев — Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору;
-
Жеңишбек Аматисакович Дүйшеев — К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин профессору.
Жолугушууда коноктор улуттук нарктын, ата-бабадан берки каада-салттын, ата тарбиясынын, эне таалиминин, улуу менен кичүүнүн ортосундагы ызааттуу мамиленин, жана руханий тарбиянын кыргыз коомунун түпкү уңгусун түзөөрүн белгилешти.
Алар дүйнөлүк цивилизациянын ылдам өнүккөн шартында кыргыз эли улуттук өзөгүн сактап, аны өнүктүрө алган учурда гана ата-бабалардан келген руханий бийиктиктин жолун улай аларын баса белгилешти.
Ошондой эле катышуучуларга Жарлыктын максаттары, коомдогу тарбиялык мааниси, келечек муунду улуттук баалуулуктар аркылуу тарбиялоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чара соңунда райондун аксакалдары, агартуучулары жана жаштары конокторго ыраазычылык билдирип, улуттук наркка таянган күчтүү коом куруу — эч качан кеч эместиги айтылды.
Сүрөттөр