СОЦКОНТРАКТТАР СОЗДУКТУРБАЙ ТҮЗҮЛҮҮДӨ

14-11-2025

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-июнундагы №385 токтомунун негизинде ишке ашырылып жаткан социалдык контракт программасынын алкагында 2025-жылдын 13–14-ноябрында Чаткал районунун аймагында бир катар жыйындар өткөрүлдү.

 

Иш-чараларга райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, айыл аймактарынын башчылары жана социалдык контракт программасына катышкан жарандар катышты.

 

 

Терек-Сай айыл аймагында өткөн жыйында жалпы 20 жаран өз бизнес-планын комиссиянын кароосуна сунуштады. Ар бир долбоор экономикалык негиздемеси жана ишке ашуу мүмкүнчүлүгү боюнча тыкыр талданды.

 

Комиссиянын чечими менен 20 бизнес-план тең жактырылды.

 

Райондук мамлекеттик администрацияда өткөн жалпы жыйында дагы 20 жарандын бизнес-планы каралып, алардын ичинен 17си жактырылып, 3 жаранга долбоорду жакшыртуу боюнча сунуштамалар берилди.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомунун негизинде социалдык контракт программасы аркылуу 2025-жылга Чаткал району боюнча 130 квота бөлүнгөн. Программа жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеке ишкердикке өтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

 

Жалпысынан, жыл башынан бери:

 

127 жарандын бизнес-планы жактырылды;

 

Ар бирине программага ылайык 150 000 сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жардам көрсөтүлдү.

 

Бул каражаттар жарандардын жеке ишкердигин баштоо жана өркүндөтүү максатында багытталууда.