МЕКТЕПТИН КУРУЛУШ ИШТЕРИ КӨЗӨМӨЛДӨ

21-11-2025

 Райондогу билим берүү тармагында курулуп пайдаланууга берилген жана учурда курулушу жүрүп жаткан объектилердин сапатын баалоо боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы комиссия өз ишин улантууда.

 

Комиссиянын кезектеги текшерүүсү Курулуш айылындагы С. Мырзалиев атындагы орто мектептин жаңы салынып жаткан окуу имаратына багытталды. 

 

Иш сапар учурунда комиссия мүчөлөрү курулуштун жүрүшү, аткарылган иштердин сапаты жана долбоордун талаптарга шайкештиги менен жакындан таанышты.

 

Иш-чарага комиссиянын төрагасы — Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Шекер Жумабекова, тиешелүү адистер жана комиссия мүчөлөрү катышты.

 

Комиссия курулуштун ар бир этабын кылдаттык менен карап чыгып, коопсуздук нормаларынын сакталышы, материалдардын сапаты жана бүткөрүү мөөнөттөрүнө көңүл бурду.

 Жыйынтыгында тиешелүү сунуштар берилип, аткаруучу тарапка бир катар тапшырмалар жүктөлдү.

 

Райондук мамлекеттик администрация билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди мындан ары да туруктуу улантыла бермекчи.