Чаткал райондук мамлекеттик    администрациясы келишимдик негизде кабыл алынуучу юрист кызмат оруну үчүн ачык конкурс жарыялайт.

09-01-2024

Чаткал золотая долина

ЖАРЫЯ

Чаткал райондук мамлекеттик    администрациясы келишимдик негизде кабыл алынуучу юрист кызмат оруну үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 

1) Юрист кызматы

1)    кесиптик билимдин деңгээли:

-     жогорку билим; (юриспруденция).

2)    иш стажы жана тажрыйбасы:

-    тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;

КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:

1. Юрист кызмат оруну үчүн

1. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

–        Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–        “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

–        “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

–        “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

–        “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

–        Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

–        Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

–        “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

–        “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (АТАЙЫН ПАПКАДА ТИРКЕЛГЕН):

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

– аскерге эсепке алуу документинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

 

Документтер 2024-жылдын 09-январынан  2024-жылдын 19-январына чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 09:00 дөн 18:00гө чейин.

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер гана конкурска катышууга чакырылат.

Дареги: Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы. Сурап билүү телефону 03749 30048.

 

Аппарат жетекчи                                                                                                 Р.Асанбаев